Жаңылыктар
Бир катар жолдорго убактылуу чектөө киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Бир катар жолдорго убактылуу чектөө киргизилди

Аба-ырайына байланыштуу бир катар жолдорго убактылуу чектөө киргизилди. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматында учурда кар жаап, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам, Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунда, Каракол - Эңилчек унаа жолунда, Барскоон - Ак-Шыйрак жана Түп-Кеген унаа жолдорунун кооптуу бөлүктөрүндө жолдор жабылды. 

Башкармалык айдоочулардан киргизилген чектөөлөрдү эске алып, коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.