Жаңылыктар
Алайкуунун жолу толугу менен ачылды
Өзгөчө кырдаал
Алайкуунун жолу толугу менен ачылды

Алайкуу өрөөнүндөгү Көк-Арт айылына баруучу жол толугу менен ачылып, унаа каттамы кыймылга кирди. Мындан сырткары, айылдагы жаңы салынган мектеп электр жылыткычтарынын жардамы менен окуу процессин эки күндөн бери улантууда. 

Өрөөн климаттык шарты катаал аймак болгондуктан жергиликтүү эл тамак-аш корун мындан эки ай мурда эле кышка кенен жеткидей кылып камдап алышкан. 

Кара-Кулжа районунун Көк-Арт айылы Оштун борборунан 300 чакырым алыста жайгашып, климаты катаал аймакка кирет. Аталган аймакта 17-ноябрдын 20-ноябрга чейинки жааган кар, 1,5 метрден ашкан. Натыйжада, аймакка келүүчү унаа жолдор бөгөлүп, ушул айыл эки күн электр энергиясыз жана байланышсыз калган.

Алты айлап кыш болчу бул аймакка кардын төртүнчү ирет жаашы. Акыркы жааган калың кар, тургундардын мал сарайлары менен турак-жайларын басып калышы мүмкүн болгондуктан азыр айылдын жаш-карысы, аял-эркеги дебей турак-жай, малканаларынын чатырларын кардан тазалоо менен алек. 

Аптанын биринчи күнүнөн тартып, Алайкуу өрөөнүндөгү тогуз айылдагы негизги чарбалык жолдор ачылып, электр жарыгы калыбына келтирилгенден кийин, аймактагы тогуз орто мектеп менен төрт бала бакча өз эшигин кайрадан ачты. 3-классынын окуучусу Аяна мектепке келчү 3 чакырым жолду ат менен басып өтөт. Аянанын бир күн да сабакты үзгүлтүккө учураткысы келбегенин себеби- быйылкы окуу жылында бүткөрүлгөн жаңы мектепте окуп калгандыгы.

Аба-ырайынын кандай болгондугуна карабай, мектептердеги башталгыч класстын окуучуларына берилүүчү бир маал ысык тамак үзгүлтүккө учурабайт. Элет жеринде электр жарыгы такай болуп тубагандыктан, элеттик ашпозчулар тамак даярдоонун алтернативалык жолун да камдап коюшат.

Мына ушул каттоодо турган кош бойлуу 24 келиндин бири ооруканадан бир күнчүлүк ыраактагы жайлоодо алдынча көз жаргандыгын, эне-баланын ден-соолугу жакшы экендигин жана алар жакынкы күндөрү айылга алынып келинерин айыл башчысы өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү менен болгон жолугушууда бидирди. Таалайбек Сарыбашев элет элинен жакындан кабар алуу максатында Көк-Арт айылына барып, калктын ал -акыбалын сурады.

Аймактагы жаралган кырдаалдан чыгууга карата өкмөт тарабынан катуу тапшырма коюлган. ӨКМдин калк менен байланышты камсыз кылуучу жабдыктары бар унаасы 18-ноябрдан бери аталган аймакта кызмат өтөөдө. Натыйжада, Кыз-Күйөө жайлоосунда кар туткунунда калып кеткен үч чабан менен жылкыларын издегени чыгып, эки күн дайынсыз болгон үч айыл тургуну табылган.

Алайкуу өрөөнүндө 18 минге чукул калк жашайт. Негизинен мал-чарбасылыгы менен алектенет. Айыл башчынын маалыматына караганда, кечээги калын кардан кийин, айылдагы мал-жандыктын 15 пайызы табыла элек.Ал эми, районго киргизилген өзгөчө кырдаал бүгүнтөн тартып алынды.