Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак 12-февралда, Баткен облусунун Лейлек капчыгайындагы бийиктиги 5 миң 350 метрлик “Ак суу” чокусуна чыгып, акыркы жолу 16-февралда байланышка чыккан альпинист табылбай жатат.
Издөөгө ӨКМдин өзүнчө куткаруу отрядынын Баткен шаарындагы №3 өзүнчө издеп-куткаруу отрядынан 6, Лейлек райондук бөлүгүнөн 1 куткаруучу жөнөтүлгөн. Жоголгон адамды издөөгө орусиялык 3 альпинист дагы кошулду. Издөө иштери боюнча кошумча маалымат берилет.