Жаңылыктар
Кыргызстандагы жалгыз зоопарктын жаныбарлары ачка калганы турат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандагы жалгыз зоопарктын жаныбарлары ачка калганы турат

Ал арада кышкы суукта Кыргызстандагы жападан-жалгыз зоопарктын жаныбарлары ачка калганы турат. Мамлекеттик айлана чөйрөнү коргоо агентиги жаныбарлардын жемине бөлүнө турган каражатты токтотуп койгон. 

Мындан улам ал жерде иштеген кызматкерлер коомчулук менен жергиликтүү бийликке кайрылып, Караколдун зоопаркындагы жаныбарларды сактап калууга чакырууда. Азыркы тапта айрым жаныбарлардын тамак ашы түгөнүп баратат. Белгилей кетсек, Ысык-Көлдөгү зоопаркта жаныбарлардын отуз алты түрү бар. 

Караколдогу зоопаркта жаныбарлардын жана канаттуулардын 36 түрү, жалпыcынан 200гө жакын жаныбар жашайт. Бирок алардын айрым түрлөрү жакын арада жок болуп кетиши мүмкүн. Себеби каражаттын жоктугунан тамак ашы алынбай калуу коркунучу бар. Мисалы жакында эле келген симба аттуу арстан күнүнө он киллограм таза эт жеп турушу керек. Эт күнүнө аюуга, карышкырларга, түлкүгө жана бүркүткө болуп отуруп жалпы 50 киллограм керектелет.

Япониядан келген макака маймылдарына болсо жашылча жемиш, эт сыяктуу азыктарды күнүнө алып туруу керек. Былтыркы жылы жаныбарлардын тамак ашына эле алты миллион сомго жакын каражат кеткен. 

Быйылкы жылы ноябрь айына чейин беш миллион сом керектелди. Себеби кошумча жаныбарлар алынган. Зоопарк кызматкерлеринин айтымында каржылоо маселеси ушул жылдын май айында эле токтотулган. Андан бери жагдайдан демөөрчүлөр, жаныбарларды коргоочу чет элдик уюмдар куткарып келди.

Каракол шаардык мэриясы болсо жаныбарлардын чыгымын көтөрүп, багышканга чамасы келбейт экен. Бирок абалдан чыгуунун жолдору жок, аргасыз учур жаралса жардамга келүү жагын каралып жатыптыр.

Маселе кандай чечилет азырынча белгисиз. Бирок эртелеп оң жагына чечилбесе бейкүнөө айбанаттардан ажырап калышыбыз толук мүмкүн.