Жаңылыктар
ЮНЕСКОнун тизмелерин Нооруз майрамы менен кыргыз наны толукташы мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
ЮНЕСКОнун тизмелерин Нооруз майрамы менен кыргыз наны толукташы мүмкүн

ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесин жакын арада кыргыздын наны, өзбек палоосу жана Нооруз майрамы толукташы мүмкүн. Маданий мурас өзүнө салт-санааны камтып, муундан муунга өтүп келе жаткан, бирок ааламдашуу доорунда дээрлик көмүскөдө калып, унутулуп жаткан улут баалуулуктарды камтыйт.

Жапма нан - лаваш, катырма, жупка.. Мунун бары көчмөн элдер жеген нандын түрлөрү. Ал эми көчмөн кыргыз калкы үчүн нан ар дайым дасторкондун маңызы жана улуттук ашкананын өзөгү болуп келген.

Учурда Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия ЮНЕСКОнун тизмесине өздөрүнүн улуттук нан азыгын киргизүү үчүн аракет кылууда.

Жаздын келиши менен майрамдалуучу жаңы жыл - Нооруз майрамы да адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмегине талапкер болду.

Тизмеге талапкерлерди тандоо 28-ноябрдан 2-декабрга чейин Эфиопиянын борбору Аддис-Абебде, ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмегин коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин жыйынында каралат.