Жаңылыктар
Сүймөнкул Чокморовдун сүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылды
Маданият
Сүймөнкул Чокморовдун сүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылды

Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм өнөр сүрөт музейинде Сүймөнкул Чокморовдун сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөдө жалпысынан 50дөй эмгек коюлду. Чокморов ар бир эмгегинде ата мекенге болгон сүйүүнү чагылдырган.

Көргөзмөдө улуу манасчы Саякбай Каралаевдин легендага айланган портреттерин көрүүгө болот. “Менин уулум” деп аталган бул сүрөттөгү каармандар - Чокморовдун уулу жана жубайы. А бул согуштун ардагери, мында сүрөтчү өз кошунасын тарткан экен.

Чокморов чыгармачылык ишин сүрөтчүлүктөн баштаган. Ал көбүнчө живопись жана портрет жанрын өрчүтүп, кыргыз көркөм өнөрүнүн казынасына байыткан үлүшүн кошкон. Сүрөтчү ар бир эмгегинде ата мекенге болгон сүйүүнү чагылдырган.

Көргөзмөдө Сүймөнкул Чокморовдун 50дөй эмгеги коюлду. Анын “Эне”, “Шаар четиндеги пейзаж”, “Жапон стилиндеги натюрморт”, “Кыргызстан кинематографтары” аттуу сүрөттөрү эл арасында белгилүү. Чокморов сүрөтчүлүк боюнча атайын жогорку билимди Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайында алган.

Сүймөнкул Чокморовдун жалпы 400дөй эмгеги бар. Анын 60ы кыргыз көркөм өнөрүнүн алтын казынасында сакталууда.

Сүймөнкул Чокморов сүрөтчү жана актер катары искусстводо өчпөс из калтырды. Кыргыз киносунун легендасы, СССРдин эл артисти жана Кыргыз ССРнин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун сүрөт көргөзмөсү бир жумага чейин созулат.