Жаңылыктар
Ысык-Көл өнүктүрүү фондун директорунун орун басары жана бөлүм башчысы кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл өнүктүрүү фондун директорунун орун басары жана бөлүм башчысы кармалды

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын директорунун орун басары менен бөлүм башчысы кармалды. УКМК Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун каражаттарынын натыйжалуу пайдаланылышын текшерүү боюнча өлкө жетекчилигинин тапшырмасын аткаруу үчүн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясын текшерип жатат. 

Натыйжада, аталган мекемеде акча каражаттарын негизсиз бөлүү жана максатсыз пайдалануу фактылары аныкталып, бул региондогу экономикалык активдүүлүктүн өнүгүшүнө терс таасирин тийгизген. Балыкчы шаарында бетон заводун курууга 5 жылдык мөөнөткө 6 млн сом өлчөмүндө үстөксүз ссуда бөлүнүп, бирок насыя алуучу каражатты максатсыз пайдаланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, негизсиз берилген пайызсыз ссудалардын жалпы көлөмү болжол менен 31млн 500 миң сом. Буга байланыштуу кармалгандар Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда УКМК тарабынан Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын ушундай эле мыйзам бузуу фактыларын аныктоо боюнча текшерүү иштери уланууда.