Жаңылыктар
Кытай ишканасы Нарында күн, шамал электр станцияларын курууга кызыкдар
Кыргызстан жаңылыктары
Кытай ишканасы Нарында күн, шамал электр станцияларын курууга кызыкдар

Кытай ишканасы Нарында күн, шамал электр станцияларын курууга кызыкдар. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев кытайлык «NBTC Limited» компаниясынын башкы директору менен жолуккандай сүйлөштү. 

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында шамал жана күн электр станцияларын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Меморандумдун негизинде эки тараптуу кызматташтык мамилени тереңдетүү пландары ишке ашат. Аны менен катар Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондорунун Кызарт жана Семиз-Бел тилкелеринде шамал жана күн электр станциялары курулат.