Жаңылыктар
Техбазаны чыңдоо - коопсуздукту күчөтүү
Кыргызстан жаңылыктары
Техбазаны чыңдоо - коопсуздукту күчөтүү

Климаттын кескин өзгөрүшү күтүүсүз табигый жана техногендик кырсыктарга алып келүүдө. 

Жер титирөө, өрт коркунучу, сел, жер көчүү, жол кырсыктары жана башка кооптуу жагдайлардан улам адам өмүрүн алып кеткен кейиштүү учурлар болбой койбойт. Айттырбай келген кырсыктардын алдын алууда андан сактана турган керектүү техникалардын жоктугу колду бууп келгени жашыруун эмес. Өз учурунда ыкчам чараларды көрүү кыйын болчу. 

Ошентсе дагы куткаруучулар союздан калган эски каражатын майлап-сүттөп, колунан келишинче адам өмүрүн сактап келишти.