Жаңылыктар
Мүлктү легалдаштыруу "көмүскө экономиканы" ачыктайт
Кыргызстан жаңылыктары
Мүлктү легалдаштыруу "көмүскө экономиканы" ачыктайт

Былтыр парламент “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам кабыл алып, ага президент кол койгон. Мыйзамдын максаты жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин мыйзамдаштырууга багытталган. Анда жарандар өзүнүн башка кишилердин атына катталган же чет өлкөлөрдөгү байлыгын, мүлкүн ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыра алышат.

Мындай ыкма аркылуу көмүскө экономиканын үлүшү азая турганы айтылган. Ички жана тышкы инвестиция көбөйөт деген божомол бар болчу. Мүлктөрүн буга чейин жашырып келгендер мамлекеттик органдар тарабынан жоопко тартылбайт деп кепилдик да берилген. Жакында эле өлкө башчысы дагы үлгү катары өз мүлкүн мыйзамдаштырды. Байылыгын ар кайсы тууган-уругуна, кайын журтуна каттатып жүргөн чиновниктер, ишкерлер ушул жылдын 1-июлуна чейин мыйзамдуу мүмкүнчүлүктөн пайдалана алышат.