Жаңылыктар
Кендерди туура башкаруу үзүрүн берүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кендерди туура башкаруу үзүрүн берүүдө

Жогоруда эксперт Эсенжан Мусурманкулов белгилегендей эң алды экономикалык пайданы, экологиялык зыянды эсептеп албай туруп, кенди иштетебиз же иштетпейбиз деп уу-дуу көтөргөнгө эрте. Эң акыркы чечим изилдөөлөрдүн тыянагына жараша кабыл алынат. Бирок, кандай болгон күндө да кен байлыгы эл байлыгы. Эгер экологияга зыяны келбесе, иштеткенге эмнеге болбосун?!

Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет болуп, Кумтөрдүн тагдырын кайталап калбасын деп чочулап жаткан элдин да эби бар. Бирок, Балыкчыда болгон жолугушууда Президент Жапаров кен боюнча маалымат ачык бериле турганын айтты.

Кумтөр демекчи, чейрек кылым чет элдиктердин пайдасына иштеген алтын кен толук мамлекетке өтүп, өлкө убайын көрүп жатканына үч жыл гана убакыт болду. Азыр алтын казгандан тапкан акча мамлекетке түз, толугу менен түшүп жатат. Кумтөрдөн башка да кендер ирээтке келип, ар кандай кара схемалар жоюлуп, тоо-кен тармагы бир нукка салынууда.