Жаңылыктар
Кызыл-Омпол – эбегейсиз байлыктын уюган кени
Кыргызстан жаңылыктары
Кызыл-Омпол – эбегейсиз байлыктын уюган кени

Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарында Тоң жана Кочкор райондорунун тургундары менен жолугушуу маалында айтты. Кызыл-Омпол десе дароо уран кени экени эске түшөт, бирок адистер ал жерде уран эң аз көлөмдө экенин айтып, кендин 95 пайызын титаномагнетит түзөрүн билдиришти. Кен өндүрүшү иштеп баштаса миңден ашык жумушчу оруну түзүлө турганын президент эл менен жолугушуу маалында белгиледи.

Кызыл Омполдогу жарытылыш байлыгын казуу маселеси 2019-жылдары дагы көтөрүлүп, коомчулуктун каршы болуусу менен токтоп калган. Анткени элдин чочулаганы экология жана урандын зыяны. Бирок, азыр кен коопсуз ыкма менен казыла турганы, жардыруу, бургулоо болбой турганы айтылды. Анын үстүнө уран байытылбаган абалда радиациялык зыяны жок дешет. Болгону Кыргызстандын аймагында кум-шагылдын курамындагы металдар өз-өзүнчө бөлүнүп, сырьё катары экспортко кетет.