Жаңылыктар
Бишкекте изделип жаткан үч бир тууган Ысык-Көлдөн табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте изделип жаткан үч бир тууган Ысык-Көлдөн табылды

Милиция кызматкерлери Бишкекте изделип жаткан балдарды табышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2009-жылы туулган М.Р., 2012-жылы туулган М.М. жана М.И. Ысык-Көл облусунун аймагынан аман-эсен табылды.

Эскерте кетсек, 24-февралда Б.А. аттуу шаардын тургуну милицияга арыз менен кайрылып, анын жашы жете элек балдарын табышууга жардам сураган. Анын айтымында, балдар жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатышкан.