Жаңылыктар
Кыргызстанга боордун ар түрдүү ооруларын аныктай турган УЗИ жабдыгы алынып келди
Ден соолук
 Кыргызстанга боордун ар түрдүү ооруларын аныктай турган УЗИ жабдыгы алынып келди

Кыргызстанга боордогу мите курттардын, ар түрдүү оорулардын бар же жогун аныктай турган УЗИ жабдыгы алынып келди. 

Бул жабдыктар Алай жана Кочкор райондорундагы бейтапканаларга берилет. 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, эхинококкоз жана альвеококкоз ооруларын аныктоо үчүн Швейцариянын жардамы менен үч УЗИ гуманитардык жардам катары келди.

 Бейтаптар үчүн акысыз. Эхинококкоз жана альвеококкоз дарттарын гана эмес, паренхиматоздук органдардын патологиясын аныктап чыгат.