Жаңылыктар
Кыргызстанда допинг маселесин карай турган комиссия түзүлөт
Спорт
 Кыргызстанда допинг маселесин карай турган комиссия түзүлөт

Кыргызстанда допинг маселесин карай турган комиссия түзүлөт. 

Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинин коллегиясында комиссия түзүү чечими кабыл алынып, учурда анын жол-жобосу каралууда.

Комиссия курамына дарыгерлер, олимпиадалык комитеттин өкүлдөрү жана спортчулар кирет. 

Эскерте кетсек, ар бир өлкөдө допинг маселесин карай турган комиссия бар. 

Ал эми Кыргызстанда бул биринчи жолу түзүлүүдө. Комиссия спортчуларга допинг боюнча семинарларды өтүп, кайсы дарылар жана витаминдерге уруксат берилген, берилбегени тууралуу маалыматтарды берип турат.