Жаңылыктар
Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Азия чемпиону болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Азия чемпиону болду

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов Азия чемпионатында алтын медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш Филиппиндин Нью-Кларк Сити шаарында өтүп жатат.

Спортчу брасс ыкмасында 50 метр аралыкты сүзүп 1-орунду багындыра алды.

Кыргызстандык суучул эми 29-февралда 200 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча күч сынашат.