Жаңылыктар
Текебаев президентке импичмент жарыялоосу жеке өч алуусубу?
Саясат
Текебаев президентке импичмент жарыялоосу жеке өч алуусубу?

Басма сөзгө баяндама

Президентке импичмент жарыялоого негиз барбы деген суроону коюп бүгүн  “Политклиника” жаңы санын басты. “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо процедурасы башталганын билдирген бул маселеге  айрым саясатчылар буга негиз бар экенин айтышса  айрымдары муну жеке өч алуу катары баалап, реалдуу эместигин айтышкан. Мисалы академик Жамин Акималиев импичмент деген бир паста чечиле турган маселе эмес экенин, Баш мыйзамда абдан катуу эрежелер каралганын экинчиден карама-каршылыктын бардыгы Конституцияны өзгөртүүдөн улам чыгып атпайбы деп белгилейт. Академиктин пикиринде бул жасалып жаткан компраматтардын уланып кетиши жана тереңдеп жаткандагысы, кеп импичментте эмес, президенттин ошого күнөөлүү экендигинде эмес, кеп компраматтарда болуп жатат.

 

Карапайым элге импичменттин эч кандай кереги жоктугун, кеч болуп кала электе талашып аткан тараптар сөзгө келишсе деп чакырат. Ошол эле учурда “Айкөл Эл” партиясынын лидери Эдил Байсалов импичмент жарыялоо боюнча көтөрүп чыккан демилгеси эң туура кадам деп бирок аны жарыялоого төмөндөгүдөй негиздер бар деп Текебаев санап бербегенин белгилейт. Серепчилер Марс Сариев импичментсиз деле Атамбаев кийинки жылы кызматынан кеткен атпайбы десе, Бакыт Бакетаев мунун аркасы менен Атамбаевдин аброю көтөрүлөт деп белгилейт. Экс- депутат Жылдыз Жолдошева соодалашуу жолуна өтүү тактикасы катары кабыл алса болот деген ойду айтат. Кененирээк аудиодон уксаңыз болот.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118

Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам! 
WhatsApp +996551748118

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"