Жаңылыктар
“Керемет Банк” ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин КР Министрлер Кабинетинин сатып алуусу жөнүндө мыйзамга кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
“Керемет Банк” ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин КР Министрлер Кабинетинин сатып алуусу жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Садыр “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан “Керемет Банк” ачык акционердик коомунун акцияларынын пакетин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сатып алуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам коммерциялык банктарды көзөмөлдөө органы – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызыкчылыктарынын каршы келип калышына жол бербөө үчүн укуктук негиздерди түзүү максатында кабыл алынган.

Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары – Министрлер Кабинети) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары – Финансы министрлиги) аркылуу «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун (мындан ары – «Керемет Банк» ААК) жөнөкөй энчилүү акцияларынын жалпы санынын 97,45 пайызын түзгөн 84 770 588 (сексен төрт миллион жети жүз жетимиш миң беш жүз сексен сегиз) даана сандагы, «Керемет Банк» ААКынын Улуттук банкка таандык жөнөкөй энчилүү акцияларынын пакетин сатып алары каралган.

Министрлер Кабинети сатып алуучу акциялардын пакетинин баасы рыноктук нарк катары аныкталат жана 7 126 432 000 (жети миллиард бир жүз жыйырма алты миллион төрт жүз отуз эки миң) сомду түзөт.