Чүй облусунда 1000 гектардай жерде кант кызылчасы кар алдында калды.
Дыйкандар жашылчаны кабыл алуу түйүндөрүндө кезек көп болгондуктан, казып үлгүргөн жок.
Азыр кар алдында калган кызылча казылып атат. Фермерлердин айтымында, бул жашылча суукка чыдамдуу келгендиктен, үшүп кетүү коркунучу жок.
Кар алдында калган миң гектар жерде болжол менен 50 миң тоннадай кызылча бар.
Ал арада "Кайыңды-Кант" заводу ташылып барган кызылчанын бардыгын дароо кабыл алганга үлгүрбөй жатат. Быйыл түшүм жакшы болгондуктан кызылчаны кабыл алууда кезек күткөндөр арбын болууда.