Жаңылыктар
Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

5-мартка чейинки жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда, ашуулардагы унаа жолдордо кар көчкү түшүшү мүмкүн. 

Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунда, Бишкек- Нарын - Торугарт жолундагы Долон ашуусунда, Казарман - Ак-Тал - Чат унаа жолундагы Кара-Гоо ашуусунда, Ийри-Суу тилкесинде, Каракол - Эңилчек жолунда нөшөрлөгөн жаанга байланыштуу кар көчкү коркунучу бар. ӨКМ айдоочуларга сак болууга чакырып, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.