Жаңылыктар
Жер-жерлерде кышка камылга иштери уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Жер-жерлерде кышка камылга иштери уланууда

Жалал-Абад шаарында кыш ызгаары башталды. Кар жарытылуу жаабаганы менен сууктун күчү жогору. 

Жолдор муз эмес, бирок айдоочулардын унаага болгон камылгасы начар. Анткени дөңгөлөгүн алмаштырбаган айдоочулар кырсыкты алып келүүдө. 

Ал эми алыскы райондордо кар калың түшүп үйлөргө от жагылып баштады. Учурда Жалал-Абад шаарынын ичиндеги мектептер жана бала бакчаларда жылуулук берилип баштаганына бир айга чукулдап калды.

Ага карата жер-жерлерде кышка камылга иштери уланууда. Мында негизги жылытуучу каражат катары көмүргө болгон суроо талап да жогорулай баштайт. 

Сатуучулардын айтымында өткөн жылга салыштырмалуу быйыл көмүрдүн баасы алда-канча төмөн.

Талгат Бакиев, "Биринчи радио"