Жаңылыктар
Түркиядагы мелдеште спортчулар байге куржунун толтурду
Кыргызстан жаңылыктары
Түркиядагы мелдеште спортчулар байге куржунун толтурду

Кыргызстандык эки спортчу Түркияда өтүп жаткан Yasar Dogu эл аралык турниринде алтын медаль тагынды. 

Бекзат Алмаз уулу 57 килограммга чейинки салмак категориясында россиялык Начын Монгушту жеңип алды. Кийинки алтын медалдын ээси Улукбек Жолдошбеков 65 килограммга чейинки салмак категориясында азербайжандык Муса Агаевди артка калтырды. Ал эми үчүнчү орунду Алмаз Сманбеков менен Бекболот Мырзаназар уулу ээледи. 

Дал ушул турнирде башка кыргызстандык спортчулар да бир нече алтын, күмүш, коло медалдарды алып, кыргыз-курама командасынын намысын татыктуу коргоду.