Жаңылыктар
Япония Кыргызстанга гранттык жардам көрсөтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Япония Кыргызстанга гранттык жардам көрсөтөт

Япония Кыргызстанга калктын аялуу катмарын колдоо үчүн 3,5 миллион доллар өлчөмүндө гранттык жардам көрсөтөт. 

Тиешелүү документке Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года менен БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директору Кожиро Накай үч тараптуу жолугушууда кол коюшту. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова белгилегендей, гранттык каражаттардын белгилүү бир бөлүгү мамлекет менен социалдык келишим түзгөн кыргызстандыктарды окутууга жумшалат.