Жаңылыктар
Хоккей боюнча курамага командага ийгилик каалайлы
Кыргызстан жаңылыктары
 Хоккей боюнча курамага командага ийгилик каалайлы

10-16-март күндөрү Бишкек шаарында хоккей боюнча үчүнчү дивизиондун “А”тайпа командалары арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов улуттук курамакоманданын капитанына өлкөнүн мамлекеттик туусун тапшырып, спортчуларга ийгиликжана жеңиш каалап, жакынкы келечекте жогорку лигада ойногон мамлекеттердинкатарын толуктап, кыргыз хоккейнин тарыхын жаңылайсыздар деген ишениминбилдирди. 

Эскерте кетсек, үчүнчү дивизиондун “А” тайпасы арасында өтчү дүйнөчемпионатына Кыргызстан, Мексика, Түштүк Африка, Люксембург, Түркмөнстан жанаТаиланддан келген командалар катышат. 

Жеңүүчүлөр II дивизиондун "В"тайпасына өтүүгө мүмкүнчүлүк алат. Кошумчалай кетсек, өлкөнүн курама командасы2022-жылы Бишкекте өткөн хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жетип,үчүнчү дивизионго көтөрүлгөн.