Жаңылыктар
Инвестиция көбөйсө - экономиканы өргө тартат
Кыргызстан жаңылыктары
Инвестиция көбөйсө - экономиканы өргө тартат

Тышкы саясаттагы ийгилик арийне өлкөнүн экономикасына, инвестициялык абалына таасир этээри мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анын үстүнө тышкы саясат, ички саясаттын уландысы. Ички туруктуулукка карап өлкөгө капитал келет. Эң ириде саясий туруктуулук экономика үчүн маанилүү нерсе. Улам-улам алмашкан өкмөт, кайра-кайра өзгөргөн министрлер инвесторду качырат. 2020-жылдан кийинки конституциляык реформа дал ушул туруктуулук жана жоопкерчилик болушу үчүн жасалган.

Статисткага келсек, былтыр Кыргызстанга чет өлкөлүк түз инвестициялардын келүү агымы 2022-жылга салыштырмалуу 24% га кыскарып, 800 миллион доллардан аз болгон. Бирок, инвестициялардын чыгып кетүү агымы 60 пайызга кыскарганын улуттук статком билдирүүдө.