Жаңылыктар
Өкмөттүн акселератор программасы ыкчам жардам берүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөттүн акселератор программасы ыкчам жардам берүүдө

Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүнүн көрсөткүчү 25 пайыздын айланасында гана. Бир кезде мындан да төмөн түшүп, балдар бала-бакчага дээрлик барбай калган да учурлар болгон. Союз ыдырагандан кийин бала-бакча болуп иштеп келген имараттардын көбү таланып, тонолуп, менчикке өтүп кетти. Айрыкча айыл жергелеринде бала-бакчалар дээрлик калбай деле калган. Шаар жеринде болсо имараттар башка колго берилип кеткен.

Анын кесепети азыркыга чейин билинип келет. Учурда шаар жериндеги балдардын 35 пайызы бала-бакчага барса, айыл-кыштактардагы балдардын 20 пайызы гана мектепке чейинки билим берүүгө камтылган. Көрсөткүчтүн мындай төмөн болуп жаткандыгынын бирден бир себеби имараттын тартыштыгы. Мамлекет балабакча куруп ишке бергени менен демографиялык өсүштү кууп жетүү мүмкүн эмес. Статкомдун билдиришинче 1 млн бир жүз миң бала мектепке чейинки куракта. Анын 200 миңи гана бала бакчаларга барышат. 

 Бул муктаждыкты жабуу үчүн аткаруу бийлиги мектепке чейинки билим берүүнү жеке тараптарга жайылтып, үйрөтүп жатат. Ал “Өкмөттүк акселератор” программасынын алкагында ишке ашууда. Аталган программанын мындан бышка багыттары бар. Деги эле “Өкмөттүк акселератор” деген эмне? Ал эмне максатты көздөйт? Кандай ишке ашат?