Жаңылыктар
Энергетикадагы азыркы жагдай
Кыргызстан жаңылыктары
Энергетикадагы азыркы жагдай

Өлкөгө келген инвестициянын негизги көлөмү энергетика тармагына туура келет десек болот. Ички инвесторлор дагы ушул тармакка каражат салып жатышат. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун экинчи этабы быйыл башталат. Өкмөт аны 8-9 жылда куруп бүтөбүз деген максат коюуда. Бул стратегиялык маанидеги ири долбоор. Андан башка да элүүгө жакын чакан жана орто ГЭСтердин курулушу жүрүп жатат. Күндөн жана шамалдан электр ала турган бир канча долбоор пландалууда.