Жаңылыктар
Тышкы саясат: Президенттин эки тараптуу жолугушууларынын жемиши
Кыргызстан жаңылыктары
Тышкы саясат: Президенттин эки тараптуу жолугушууларынын жемиши

Кыргызстан учурда көп пландуу дипломатияны жүргүзөт. Бизге ылайыктуусу да ушул. Бир тарапка ыктабаган, бирөөнү дос, бирөөнү кас деп ачык айтпаган тең салмактуу тышкы саясат ишке ашууда. 

Президент Жапаров кызматка киришкен алгачкы күндөн тарта эле бул тууралуу ачык айткан. Ал жетектеген команданын тышкы саясаттагы ийгилигин жаман деп айтанга негиз жок. Тескерисинче абдан жакшы. Жакынкы коңшулар менен, алыскы өнөктөш өлкөлөр менен, стратегиялык кызматташ мамлекеттер менен мамиле жакшырды.