Жаңылыктар
Таласта жаңы мечит ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта жаңы мечит ачылды

Талас облусунун Талас районуна караштуу Кара-Ой Шумкар-Уя айыл аймагында жаңы мечиттин ачылыш аземине болду.

Парламенттен билдиришкендей, ага Жогорку Кеңештин депутаттары Дастанбек Жумабеков, Марат Мураталиев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ыйык Рамазан айынын алдында ачылган жаңы мечит жергиликтүү жашоочуларды кубандырып, жаштардын адеп-ахлагына, таалим-тарбиясына жана ыйманынын жогорулашына чоң салымын кошорун белгилеген эл өкүлү Дастанбек Жумабеков орозо айында жергебизде жасаган жакшы иштер көбөйүп, мамлекетибизде, үй-бүлөдө тынчтык жана достук бекемделе беришин каалады.

Мечиттин ачылышынын алкагында депутат Марат Мураталиев катышуучуларга жаңы салынган мечит жаштарды адепке, ыйманга, айыл элин ынтымак менен биримдикке чакырууга себепчи болуусуна тилектештигин билдирди.

Аталган мечиттин курулушу 2023-жылы эл өкүлдөрү тарабынан демилгеленип, Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясынын колдоосу алдында бүткөрүлдү.