Жаңылыктар
Жер ресурстары кызматынын Жалал-Абаддагы филиалынын директору кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жер ресурстары кызматынын Жалал-Абаддагы филиалынын директору кармалды

Коррупция фактысы боюнча Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары кызматынын Жалал-Абаддагы филиалынын директору кармалганын УКМК билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, коопсуздук кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин коррупция беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Чүй облусунун Москва районунда жер бөлүштүрүү боюнча коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча Жер ресурстары кызматынын Жалал-Абад шаардык филиалынын директору кармалды. Аталган жетекчи Москва районундагы жер ресурстары кызматынын филиалынын директорлук кызматын ээлеп турган учурда "жер мафиясынын" мүчөлөрү менен тил табышып алып, акчалай сыйлык алуу үчүн трансформациянын расмий жол-жобосунан өтпөгөн турак жай куруу үчүн жер участокторуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларга кол койгону жана бергени аныкталган. 

Мындан тышкары, жер операцияларына катышуу жөнүндө маалыматы жок тараптарга жер тилкелерин жалган тариздөөдө фактылары аныкталган. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен үстүбүздөгү жылдын 11-мартында алк армалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартууга багытталган иш-чаралар уланууда.