Жаңылыктар
Казакстандын чектөө демилгеси тынчсызданууну жаратат
Кыргызстан жаңылыктары
Казакстандын чектөө демилгеси тынчсызданууну жаратат

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин 1-июлдан тарта Кыргызстанда лицензияланган өндүрүмдөрдү өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салган токтом долбоору сунушталып жатканына тынчсыздануусун билдирди. 

“Бул токтомдун Казакстанда кабыл алынышы Евразия экономикалык биримдигинин ички рыногунун иштешинде тоскоолдуктун белгилери. ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ишкерлеринин Евразиянын ички рыногуна кирүү мүмкүнчүлүгүн чектеген тоскоолдук катары каралат. Экономикалык биримдик жана анын алкагында шайкештикти баалоо боюнча документтерди тааныбоо үчүн прецедент түзүшү мүмкүн”, - деп айтылат билдирүүдө.

Экономика министрлиги Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин өндүрүмдөргө жасалма документтер жөнүндө дооматына жооп берип, Кыргызстан бул жаатта тийиштүү органдардын атайын иш-чаралар планы иштелип чыканын белгилеген. Анын жыйынтыгында мамлекеттик көзөмөл жүргүзүлүп, сертификат боюнча 6 органга 1 млн 560 миң сом айып салынып, 8 органдын аккредитациясы токтотулуп, мыйзам бузуулар менен берилген документтердин жарактуулугу жокко чыгарылган.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги бул боюнча ЕАЭБдин тийиштүү органдары менен кеңешме өткөрөрүн билдирди. Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча комитети 2024-жылдын 1-июлунан тарта ЕАЭБ KG номурлары бар шайкештикти баалоо документтери менен коштолгон өндүрүмдөрдү Казакстанга киргизүүгө тыюу салууну сунуштоодо. Мекеме Кыргызстандын сапатты камсыздоо органдары шайкештикти баалоо боюнча документтерди текшерүүсүз жана мыйзам бузуулар менен беришет деп эсептейт.