Жаңылыктар
Адылбек Касымалиев Рапил Жошыбаев менен алдыдагы долбоорлорду талкуулады
Кыргызстан жаңылыктары
Адылбек Касымалиев Рапил Жошыбаев менен алдыдагы долбоорлорду талкуулады

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Казакстандын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рапил Жошыбаев менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө жогорку деңгээлде боло турган иш-чараларды уюштуруу жана даярдоо, ошондой эле соода-логистикалык, өнөр жай, экономикалык, жол, чек ара тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кеңири пикир алмашуу болду.


Ошондой эле эки тараптуу кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу жана учурдагы маселелери, Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы кызматташуу маселелери каралып, талкууланды. Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө өз ара даяр экендиктерин билдиришти.