Жаңылыктар
Өзбекстандын президенти ким болот?
Саясат
 Өзбекстандын президенти ким болот?

32 миллион калкы бар Өзбекстанда 4-декабрда президенттик шайлоо өтөт. Бул шайлоо кампаниясынын тынч өтүп жатканы Кыргызстан үчүн деги эле Борбордук Азия үчүн өтө маанилүү. Мамлекетибиздин чек арасынын эң  узун тилкеси Өзбекстан менен чектешет – баш аягы 1378 чакырымга барат. Ири сууларыбыз да Өзбекстанга агат. Өлкөбүздө, баарыбызга маалым болгондой, саны боюнча экинчи орунда өзбек улуту турса, Өзбекстандын чоң диаспораларынын бири кыргыздар. 2010-жылдын маалыматына таянсак Наманган, Фергана, Анжиан, Жызак менен Ташкендин тоолу райондорунда 250 миңге жакын кыргыз бар. Ислам Каримовтун сөөгү коюлган кезде анын анык мураскери ким болот деген талкуу кызыса, эми мураскердин  саясаты кандай болот деген ой толгоо күч алды. Себеби Өзбекстан президенти болуп Шавкат Мирзиёев шайланаарында шек жок.

Эсибизге салсак 1378 чакырымга созулган чек аранын 370 чакырымы тактала элек. Бир жагынан Советтер Союзунан калган ортодогу анклавдар, суу сактагычтар, шахмат сыяктуу кезектеген кыргыз-өзбек айылдары маселенин оңой чечилбээрин көрсөтүп турат. Экинчи жагынан чек-аранын туура жана бачым чечилишине Кыргызстанда бат-бат алмашып турган өкмөтү, анын артынан өкмөттүк комиссиянын чоңдорунун алмашып турушу да бөгөт болуп келди.

Уктурууну даярдаган Кайрат Жаманкулов, алып барган Рахматулла Кудайбердиев, "Биринчи радио"