Жаңылыктар
УКМК: Равшан Жээнбековдун жер тилкеси мамлекеттин пайдасына кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Равшан Жээнбековдун жер тилкеси мамлекеттин пайдасына кайтарылды

Равшан Жээнбековдун жер тилкеси мамлекеттин пайдасына кайтарылды, деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Талас облусунун Киров суу сактагычынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 4 гектар болгон "Эдельвейс-Тур" эс алуу зонасы мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылды.

Баалоо экспертизасынын корутундусуна ылайык, жеңил конструкциядагы административдик имараттары бар жер тилкесинин баасы 16 млн 871 миң сомду түзөт.

"Аталган жер тилкеси 2000-жылдардын аралыгында КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жетекчиси болуп турган Равшан Жээнбеков менен аффилирленген жактарга мыйзамсыз берилгени аныкталган", - деп айтылат маалыматта.