Бул жумада кыргызстандыктар үчүн узак дем алыш күндөрү болот.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, жарандар 21нен 24-мартка чейин эс алышат. Нооруз майрамы бейшемби күнгө туш келгендиктен министрлер кабинети 22-мартты (жума) иш күнү эмес деп жарыялады.
Ал эми 22-марттагы жумуш күнү 8-апрелге жылдырылды.