Жаңылыктар
Балага сүйүнчү алгандар көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Балага сүйүнчү алгандар көбөйдү

Жыл башынан бери «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмүн 26 миң 377 бала алды. Аларга мамлекеттик бюджеттен 105 млн сомдон ашык каражат сарпталды. 

Ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөм 4 миң сом. Эгерде үч эм же төртөө төрөлсө ар бир балага 50 миң сомдон төлөнөт. Бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуу керек. Акча каражаты арыз берилгенден кийин эки иш күндүн ичинде банктык эсепке түшөт. Жаран акча каражатын «РСК» жана «Айыл банктын» каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу арыз берген күндөн тарта алты айдан кеч эмес мөөнөттө алса болот. Жарандар арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүү зарыл, себеби акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерлерине СМС билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт.