Жаңылыктар
Алыс жолго чыкканда сак болуңуз
Кыргызстан жаңылыктары
Алыс жолго чыкканда сак болуңуз

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкүнү мажбурлап атып түшүрүү иштери жүрөт. 

Өзгөчө кырдаалдар министрилиги менен Коргоо министрлигинин кызматкерлери алыскы жолго чыккан айдоочуларды убагында маалымат алып, анан жолго чыгууга чакырат. Кар түшкөн учурда жолдогу унаа кыймылына маал-маалы менен чектөө киргизилет. Мындан улам жарандар абалды туура түшүнүү менен кабыл алып, жол ачылганча күтө турганы жакшы. Унаа жолдогу абалды билүү үчүн жана кырсык катталганда "112" номерине байланышса болот. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта.