Жаңылыктар
Кызамык менен ооругандар көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кызамык менен ооругандар көбөйдү

Өлкөдө кызамык менен ооругандар көбөйдү. Учурда 5 миң 446 бейтап дарыланууда. 

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунан маалымдашты. Ооругандар Бишкек шаарыда 1 653, Ош шаары боюнча 334 жана Ош облусунда 907 адам. Ошондой эле Баткен, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарында да катталгандар бар. Дарыгерлердин айтымында, балдар жана чоңдор арасында кызамыкка жана кызылчага каршы пландуу эмдөөдөн баш тартуу оорулардын көбөйүшүнүн негизги себеби болууда. Саламаттык сактоо министрлиги кызамыкка каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүүдө. Эскерте кетсек, Кыргызстанда кызамык оорусуна жооп иретинде эмдөө өнөктүгүнүн экинчи этабы башталды, ал Жалал-Абад облусунда өтөт. Бардык башка облустарда кызамыкка-паротитке-кызылчага каршы эмдөө иштери күчөтүлдү. Кызылчага-кызамыкка каршы вакцинанын кошумча дозалары келгенине жараша өлкөнүн калган аймактарында да кошумча эмдөө башталат.