Жаңылыктар
23-март жалпы ишембилик
Кыргызстан жаңылыктары
23-март жалпы ишембилик

Бишкек шаарында 23-мартта жалпы ишембилик өтөт. 

Жарыяланган эки айлыктын алкагында Бишкек шаарынын мэриясы бардык уюмдарды жана мекемелерди, чарба субъектилерин жанаша жайгашкан аймактарды тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат. Белгилей кетсек, Бишкек шаарында 11-марттан 11-майга чейин борбор калаанын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланган. Аба ырайынын шарттарына байланыштуу 11-мартта жалпы ишембилик өткөн жок, 23-марттан тарта жума сайын жалпы ишембилик өтүп турмакчы.