Жаңылыктар
Аксы окуясы эскерилди
Кыргызстан жаңылыктары
Аксы окуясы эскерилди

17-мартта, Аксы районунун Боспиек айылында, 2002-жылы орун алган коогалаңда каза болгондор эскерилди.

 “Шейит мазардагы” эскерүүгө Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, каргашада жакындарын жоготкондор, ошол апааттан жабыркаган жарандар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө маркумдардын элесине арналып орнотулган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, куран окулду. Куралдуу күч түзүмдөрүнүн элге каршы атылган огу бирөөнү майып кылып, бирөөнү атадан, дагы башкасын баладан айрыган. Ал каргашалуу окуянын болуп өткөнүнө быйыл 22 жыл толду. Тарыхта өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагы бурулуш учур катары калды. Эркиндик жана акыйкаттык үчүн өлүмдөн да коркпогон карапайым эл улуттун намысын коргоп калышкан деген пикирлерин эскерүүгө келгендер белгилешти. Белгилей кетсек, 2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болуп, 27 киши ар кандай жаракат алган.