Жаңылыктар
Владимир Путин көпчүлүк добушка ээ болду
Кыргызстан жаңылыктары
Владимир Путин көпчүлүк добушка ээ болду

Орусиянын президенти Владимир Путин президенттик шайлоодо добуштардын 87,32% алып, алдыга чыкты. 

Экинчи орунда 4,28% добуш менен талапкер Николай Харитонов, андан кийин Владислав Даванков - 3,8%, төртүнчү орунда Леонид Слуцкий турат - 3,2%. Кыргызстанда Орусиянын президентин шайлоого 7 842 россиялык жаран добуш бергенин өлкөнүн Бишкектеги элчилиги билдирди. Маалыматта шайлоо участкаларында процесске КМШ, КМШ ПАА алкагында, ошондой эле талапкерлер менен коомдук уюмдардан эл аралык байкоочулар көз салып турганы айтылат. Эскерте кетсек, Россияда президенттик шайлоо 15-мартта башталган. Өлкө Баш мыйзамына ылайык ал үч күнгө созулуп 17-мартта жыйынтыкталды. Алдын ала маалымат боюнча Владимир Путин добуштардын басымдуу бөлүгүнө ээ болуп алдыга чыккан.