Бул жумада кыргызстандыктар үчүн узак дем алыш күндөрү болот.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиргендей, жарандар 21нен 24-мартка чейин эс алышат. Нооруз майрамы бейшемби күнгө туш келгендиктен министрлер кабинети 22-март жума күндү дем алыш жарыялады. Ал эми 22-марттагы жумуш күнү 8-апрелге жылдырылды.