Жаңылыктар
Сыртка которулган акчалар азайды
Кыргызстан жаңылыктары
Сыртка которулган акчалар азайды

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Кыргызстандан чет өлкөлөргө 56 млн 400 миң доллар которулду. 

Каражат жеке жактардын акча которуу системасы, банктык мобилдик тиркемелер (банктык карта) жана электрондук капчыктар аркылуу жүргүзүлгөн транзакциялар аркылуу чыккан. Бул сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 миллион долларга аз. Белгилей кетсек, мурдагыдай эле Кыргызстандан сыртка чыккан акчага караганда келип түшкөн каражат көп. Алсак, январда өлкөгө 259 миллион доллар которулган, анын басымдуу бөлүгү Орусиядан которулган.