Жаңылыктар
Чатырдагы муздардан абайлагыла
Өзгөчө кырдаал
Чатырдагы муздардан абайлагыла

Ордо калаанын тургундары менен шаар конокторуна тоңгон муз коркунуч туудуруп жатат. Ири көлөмдөгү муздар жөө баскан көчөлөрдө салаңдаган бойдон турат. Андан опурталдуу жерлер тосулган эмес жана эскертүү дагы жок. 

  Муздан тайгаланып жыгылган адам - кагынып-күбүнүп сапарын уласа болот. Бирок олчойгон муз келип тийсе оңбой калчудай. Ушул күндөрү муз алдында адамдар өтүп, балдар ойноп жүрөт.
 Өткөн жылы Россияда салаңдаган муздардан жүздөгөн адам жабыр тарканы маалым. Бир эле Петербург шаарында 167 адамга муз тийип, 3 адам мерт кеткен.
Негизи бут алдын тиктебестен, жогору жакты да карап баспаса болбойт. Сактансаң сактармын дегендей кокус муз келип тийсе ага мэриянын муниципалдык кызматтары жооп бербейт. Жакшысы, катыган музду имарат менен үй ээлери эртерээк кагып түшүрүп салганы оң.
 Бирок салаңдаган музду азыр эч ким тазалаган жок. Эскертүү жазууларды да көрө албадык. Ошондуктан эске түйүп сак болуңуз.