Жаңылыктар
Мээрим Жуманазарова лицензиялык мелдешке катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Мээрим Жуманазарова лицензиялык мелдешке катышат

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Мээрим Жуманазарова Азиялык лицензиялык турнирге катышат.

 Нурзат Нуртаева менен Мээрим Жуманазарова жекеме-жеке беттешип, жыйынтыгында Нуртаеваны акыркы аракети үчүн 2:2 эсеби менен жеңип алды. Ошентип, Мээрим лицензиялык турнирге катышуу укугуна ээ болду. Олимпиадага жолдомолор берилчи аталган мелдеш үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинен 21-апрелине чейин Бишкек шаарында өтөт. Эскерте кетсек, Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатында жаракат алып, мелдештин аягына чыкпай, 68 кг салмакта Олимпиадага лицензия ала албай калган. Ал төрт айлык тыныгуудан кийин кайрадан килемге чыкты.