Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов КР Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган фотокөргөзмөнүн ачылышына катышты.
Ал ардагерлерди жана дипломатиялык кызматкерлерди мааракелери менен куттуктап, бул жылдар аралыгында кыргыз дипломатиясынын башатында өлкөбүздүн көрүнүктүү дипломаттары, патриоттору, мамлекеттик жана илимпоздору иштегенин белгиледи.
“Бүгүн биз эл аралык кырдаалдын динамикалуу өнүгүшүнө күбө болуп жатабыз. Кыргыз Республикасы эгемендүү, көз карандысыз өлкө катары дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнү жана чыңдоону улантууда, эл аралык жана аймактык уюмдарда көп тараптуу дипломатияга катышууда. Геосаясий окуяларга жана дүйнөлүк тартиптин реформаланышына карабастан, биз улуттук кызыкчылыктарыбызды алдыга жылдыруу жана коргоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, көз карандысыз, көп тармактуу жана ырааттуу тышкы саясатты карманууну улантабыз”, - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.
Эдил Байсалов ошондой эле Газадагы гуманитардык абал тууралуу билдирүү жасады.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирүүнүн текстин тиркеди:
"Айымдар жана мырзалар,
Алты айдан бери күн сайын дүйнө Газа калкынын методикалык түрдө жок кылынышына күбө болууда.
Буга чейин 13 миң бала каза курман болгон. БУУнун 165 кызматкери жана 95 журналист набыт болду. Алардын көбү атайылап өлтүрүлгөн. Мунун баары документтештирилди!
Биз 2024-жылы болгон мындай геноцидди түз берүүлөрдөн көрүп жатабыз.
Эки миллион палестиналык ачарчылыктан жапа чегип, дүйнө эч нерсе кыла албай жатканын түз эфирден көрүп жатабыз.
Кыргызстан терроризмди айыптайт. Октябрда биз Израилдин жарандарына кол салууну айыптаганбыз. Биз Израил элинин өзүн коргоо укугун тааныйбыз, бирок жөөт өкмөтү өзүн эл аралык укуктан жана Бириккен Улуттар Уюмунан жогору коюуга укугу жок.
Кыргызстан эл аралык коомчулукту жана биринчи кезекте Израилдин башкы демөөрчүсү Америка Кошмо Штаттарын бул акылсыздыкты жана геноцидди токтотууга чакырат”.