Жаңылыктар
Улуттук госпиталдагы ремонт аяктадыбы?
Ден соолук
Улуттук госпиталдагы ремонт аяктадыбы?

Улуттук госпиталдагы ремонт иштери өкмөттүн көңүлүн өзүнө бурду. Анткени оорукананы оңдоо иштери бүтпөй жаткандыктан бейтаптарга жана дарыгерлерге бир топ ыңгайсыздыктар жаралууда.  Анткени ремонттолуп жаткан тогуз бөлүм азыр башка имараттарда тыгылышып жайгаштырылган. 

Имаратты толук ремонттоо үчүн 70 миллион сом каралган. Тендерге катышкан компаниялардын арасынан бирөөсү 45 млнго эле бүтүрүп бермекчи болуп, шыпылдап ишти мойнуна алат. Бирок ишеничи акталбай калган госпиталдын жетекчилиги азыр арзандын тузу татыбайт экен деп чындап өкүнүп турган чагы.
 Аңгырап бош турган имаратта госпиталдын тогуз бөлүмү бар болчу. Алардын баардыгы ар кайсы бөлүмдөргө көчүрүлгөн. Бир жылдан бери шартка ылайыкташып, бейтаптарды кабыл алып иштеп жатабыз дешкени менен тыгылышып, ыңгайсыз болуп жатканын жашырышпайт.
Белгилей кетсек кечээ улуттук госпиталдагы бул абал менен таанышкан өкмөт башчы, оңдоо иштерин тезинен акырына чыгаруу тапшырмасын берди. Улуттук госпиталдан билдиргендей, бүгүндөн баштап анча мынча кыймыл жандангандай болду. Бирок бир жылдан бери илең салаң кыймылдап, иштеп жарытпаган компания ремонтту качан аягына чыгараары белгисиз бойдон калууда.