Жаш балдарга зордук-зомбулук көрсөтүп кылмыш жоопкерчилигине тартылгандарга мындан ары шартуу түрдө абактан мөөнөтсүз бошонуп чыгышына чектөө коюлат. Буга багытталган мыйзам долбооруна президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Мыйзам аларга жазасын колонияда өтөө режимине которууга да жол бербөө чараларын камтыйт.
Мурдагы мыйзамдарга ылайык, жаш балдарга зордук зомбулук көрсөтүп кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар абактан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошонууга же жазасын жатак абакта өтөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болчу. Жазык аткаруу кызматынын өкүлдөрү, мындай тажрыйба абактарда азыркы учурга чейин колдонулуп келгенин айтышат.
Жашы жете электерге зомбулук көрсөтүп кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар андай адатын бир нече жолу кайталаган учурлар чынында көп эле болот. Өлкөдө мындай фактыларга эсеп жүргүзгөн жана анализ жасаган бир нече коомдук бирикмелер бар.
Эми жашы жетпеген балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө карата бардык жеңилдетилген шарттар жокко чыгарылат. Кабыл алынган мыйзамга ылайык, мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошонуу же жатак абакка которулуу мындан ары болбойт. Мындай кадамдын максаты жаш балдарга карата таш боор мамилени жана зомбулукту алдын алуу, ошондой эле балдарды зомбулуктан коргоо чараларын күчөтүү болуп жатат.
Адистер дагы бул мыйзам долбоору өз убагында кабыл алынганын кубатташууда. Мыйзам күчүнө киргенден тартып коомдо жаш балдарга карата зордук-зомбулук азаят деген ишеним чоң.
Жашы жете элек балдардын зордук-зомбулукка кабылганын каттоого алган тиешелүү мамлекеттик мекемелер, мындай көрүнүштөр өлкөдө жыл санап көбөйүп келгенин белгилешет. Ал эми бул жагдай, зомбулук көрсөткөндөргө карата мыйзамдын талаптары жеңил экендигинен кабар берерин адистер айтышат.