Жаңылыктар
Сот тармагы реформага муктаж
Саясат
Сот тармагы реформага муктаж

 Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн бир бөлүгү өлкөнүн сот тармагын реформалоого багытталып жатат. Демилгечилер буга чейин ишке ашпай калган реформа мыйзамдардын чабалдыгына жана кадр маселесине байланыштуу болгонун айтып келишет. ГҮЛ: Эми жаңы толуктоолор ачык айкын, коррупциядан алыс жана эл ишенимине ээ болгон сотторду даярдоого толук мүмкүнчүлүк түзөт деген ишеним бар. 

Өлкөнүн сот тармагын реформалоо аракети Кыргызстанда 2010-жылдан кийин башталып, бирок бул багыттагы биринчи кадам ишке ишке ашпай калганы белгилүү. Буга биринчи кезекте ошол кездеги мыйзамдардын сапаты таасирин тийгизсе, башка себеби кадр маселесине барып такалганын серепчилер белгилешет.
Жаңы нормага ылайык, маселен судьяларды кызматынан бошотуу тартиби аныкталууда. Эгер сот терс көрүнүштөгү негиз менен кызматынан бошотула турган болсо, бул Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясынын сунушу менен ишке ашат. Ал эми судьяны иштен кетирүүгө башка, жөнөкөй себеп болсо ага Соттор кеңеши сунуш берет. Соттор кеңешин тартип комиссиясына алмаштыруу бир катар жагдайларга байланыштуу. Мисалы Соттор кенешинин курамы бир гана судьялардан турат жана бул өз кесиптештерин жоокерчиликке тартууда тоскоолдук жаратышы ыктымал.
Андыктан Соттор кеңеши судьяларды жоопкерчиликке тартуу маселесин кароочу институттардын катарынан чыгарылууда. Өзгөртүүлөргө ылайык, Сотторду тандоо кенеши жергиликтүү соттордун судьяларын ротациялоо укугунан ажырайт. Бул азыркы сотторду башка кызматка которууда кайра-кайра өтүүчү сынакты жеңилдетет. Эл өкүлдөрү бул реформа менен өлкө ачык айкын, коррупциядан алыс жана эл ишенимине ээ болгон сотторго ээ болот деген ишеничте.
 Сот тармагындагы реформа менен бирге акыркы учурда сотторго мамлекет тарабынан көп көңүл бурула баштаганын адистер белгилешет. Айлык акыдан тартып үй маселесине чейинки жеңилдетилген шарттарды түзүү дагы реформанын бир бөлүгү.
Андыктан сот тармагындагы реформаны толук кандуу ишке ашыруу үчүн баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү убакыт талабы. Демилгечилер тарабынан буга багытталган бардык нормалар даярдалган. Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум 11-декабрда өтөт.