Жаңылыктар
Нооруз жети дубанда салтанаттуу белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Нооруз жети дубанда салтанаттуу белгиленди

Куттуу Нооруз майрамы - өлкөнүн жети дубанында тең салтанаттуу белгиленди. Майрамдык иш-чарада ар бир облустун борборунда боз үйлөр тигилип, сүмөлөк кайнаталып, тамак-аш көргөзмөсү өттү. Кээ бир аймактарда улуттук оюндар ойнолуп, шырдак фестивалы уюштурулду. Аны менен бирге өлкөнүн экинчи борбору аталган Ош шаарындагы майрамга Министрлер кабинетинин төрагасы катышып, шаар тургундары үчүн 100 автобус тапшырылды.